КОЛДОНУУЧУ КЕЛИШИМИ ( АЧЫК СУНУШ)

20.10.2022

Бул Колдонуучу келишиминде колдонулган бардык терминдер жана аныктамалар (мындан ары- Колдонуучу келишими) ушул документте көрсөтүлгөн. Колдонуучу келишиминде көрсөтүлбөгөн терминдер жана аныктамалар Өнөктөш тарабынан жарыяланган Колдонуучу келишиминин Тиркемесинде жарактуу деп табылат (мындан ары — Тиркеме).
Колдонуучу келишими кошулуу мөөнөтү чектелбеген ачык сунуш (мындан ары — Сунуш) болуп саналат.

Колдонуучу келишимине макул болуу (кабыл алуу) — бул Респонденттин Сайтка катталуусу аркылуу Каттоо эсеби аркылуу жасаган натыйжалуу иш-аракеттерди аткаруусу болуп саналат. Респондент Каттоо эсебин ачуу менен бирге эле, Колдонуучу келишиминин шарттарына макул болуп, ошол эле учурда Тиркеменин шарттарын жана жоболорун кабыл алат жана ушул Колдонуучу келишимине жана Тиркемеге шарттарга жана жоболорго кошулду деп эсептелет. Администратор, Өнөктөш жана Респондент Колдонуучу келишиминин жана Тиркеменин шарттарына макул болот жана аны аткарууга милдеттенет; Колдонуучу келишиминде көрсөтүлбөгөн тараптардын укуктук маселелери Тиркемедеги шарттарга ылайык же Тиркемеде белгиленбеген укуктук маселелер Колдонуучу келишиминдеги шарттарга ылайык чечилет.

Колдонуучу келишимине макул болуу (кабыл алуу) менен Респондент Администраторго өзү тууралуу жеке маалыматтарды иштетүүгө уруксат берет.

Эгерде Респондент ушул Колдонуучу келишиминин кандайдыр бир жоболору менен макул болбосо, анда ал Сайттын кызматын пайдаланууга укугу жок. Эгерде өзгөртүүлөр жарыялангандан кийин деле Респондент Сайттын кызматын колдонууну уланта берсе, муну менен ал Колдонуучу Келишиминин шарттарына киргизилген өзгөртүүлөрдү толугу менен кабыл алат деп эсептелет.

Сайтты жана анын кызматтарын колдонуудагы Администратордун, өнөктөштүн жана Респонденттин укуктук мамилелери, анын Колдонуучунун келишими, Тиркеме жана Купуялык саясаты менен жөнгө салына (мындан ары – Купуялык саясаты).

1. ТЕРМИНДЕР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР

Сайттын Домендик аты – https://pikir.kg.
Администратору – LLC Online Research, катталуу номери 213162-3301-ООО, дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.
Кайтарым байланыш түрү – электрондук почта дареги: help.pikir@polls.expert.
Респонденттин өлкөсү – Кыргыз Республикасы.

2. КОЛДОНУУЧУ КЕЛИШИМИНИН ПРЕДМЕТИ

2.1. Бул Колдонуучу келишимине ылайык, Администратор Респондентке анын Сурамжылоого катышуусу үчүн жөнөкөй (эксклюзивдик эмес) лицензиянын алкагында Сайттын кызматтарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет, ал эми Респондент Сайттын кызматтарын пайдаланууда ушул Колдонуучу келишиминин жоболорун сактоо менен, Сайттын айрым кызматтарын көрсөтүүнүн тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу жоболорду жана Сайтта жайгаштырылган башка документтерди сактоого милдеттенет.
2.2. Респондент Сайттын кызматтарын колдонууда Өнөктөштүн программалык камсыздоосун пайдалана алат, ошондуктан Респондентти Сайтта каттоо, Каттоо эсебин бөгөттөө тартиби, жана Респондент менен Өнөктөштүн ортосундагы келип чыккан башка мамилелер Тиркеме менен жөнгө салынат.
2.3. Сайттын кызматтары Респондент үчүн акысыз.
2.4. Сайттын кызматтарынан пайдалануу үчүн Респондент өзүн Интернет менен өз алдынча камсыздап, Сайттын веб-интерфейси менен иштөө үчүн программалык камсыздоону орнотуусу керек, ошондой эле Сайтта катталуу процедурасынан өтүүсү зарыл.

3. 3. РЕСПОНДЕНТТИН ЖАНА АДМИНСТРАТОРДУН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

3.1. Респонденттин укуктары жана милдеттери Тиркеме менен жөнгө салынат.
3.2. Администратордун укуктары:
3.2.1. ушул Колдонуучу келишиминин преамбуласында көрсөтүлгөн документтердин шарттарын сактоо менен Сурамжылоолоодон өтүү үчүн Респондентке Сайттын кызматтарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет;
3.2.2. ушул Колдонуучу келишиминин шарттарын каалаган убакта, эскертүүсүз толуктап, өзгөртүп же кандайдыр бир түзөтүүлөрдү киргизет;
3.2.3. каалаган убакта, өзүнүн эрки менен Сайттын кызматтарын кошот, өчүрөт же өзгөртөт;
3.2.4. Респонденттерди Сурамжылоого катышууга чакырат;
3.2.5. Сурамжылоонун керектүү аудиториясынын критерийлерине жооп бербеген же башка себептери бар Респонденттерди Сурамжылоого катышууга чакырбоого / алардан баш тартууга укуктуу, мында Администратор мындай баш тартуулардын себептерин ачып берүүгө милдеттүү эмес;
3.2.6. эгерде ушул Колдонуучу келишиминин шарттарына карама-каршы келбесе, Сурамжылоонун суроолоруна берген Респонденттин жоопторун камтыган жеке маалыматты үчүнчү жактарга берүүгө укуктуу;
3.2.7. эгерде Респондент Колдонуучунун келишиминде, Тиркемеде белгиленген милдеттерин бузса, ошондой эле башка себептерден улам Респонденттин Сайттын кызматтарынан пайдалануусуна бөгөт коюуга укуктуу;
3.2.8. техникалык себептерден улам Сайттын жана Сайттын кызматтарынын ишин токтото турууга укуктуу.
3.3. Администратордун милдеттери:
3.3.1. Респонденттин жеке маалыматтарын карап чыгып, аларды купуя сактоого жана ушул Колдонуучу келишиминин, Тиркеменин шарттарына жана Купуялык саясатына ылайык коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү.

4. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ИШТЕТҮҮ САЯСАТЫ

4.1. Колдонуучу келишиминин бул бөлүмү жана Купуялык саясаты Респонденттин жеке маалыматтарын чогултуунун, иштетүүнүн жана башкага берүүнүн шарттарын, тартибин белгилейт.
4.2. Респонденттин жеке маалыматтарын иштетүү Респонденттин Купуялык саясатына макулдугун берген учурда жана Сайтта каттоодон өтүп жаткандагы анын жеке маалыматтарын иштетүүгө уруксат берген шартта колдонулат.
4.3. Айрым учурларда, Сурамжылоо сайты Жеке маалыматтарды чогултат жана иштетет. Бул учурда Респондент сурамжылоону уюштуруучу үчүнчү жак менен өзүнчө келишимге кол коет, Администратор жана Өнөктөш сурамжылоонун уюштуруучусу чогулткан респонденттин жеке маалыматтарын иштетүү үчүн эч кандай жоопкерчилик тартышпайт. Респондент мындай Сурамжылоого катышпай коюга укуктуу.
4.4. Респондент Купуялык саясатынын жоболоруна макул жана аны толугу менен кабыл алат.
4.5. Жеке маалыматтарды иштетүү макулдугунан Респондент каалаган убакта Каттоо эсебин өчүрүү менен баш тартышы мүмкүн. Респондент жеке маалыматтарды иштетүү макулдугунан баш тарткан учурдан тартып Респондентке Сайттын кызматтарынан пайдаланууга бөгөт коюлат, бул Колдонуучу келишими бузулган болуп эсептелет.

5. РЕСПОНДЕНТТИН ЖООПКЕРЧИЛИГИ

5.1. Респондент ушул Колдонуу келишиминдеги өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн керектүү Мыйзам чегинде жоопкерчилик тартат.
5.2. Үчүнчү жак администраторго, Өнөктөшкө же алардын кардарларына Администратордун, Өнөктөштүн же алардын кардарларынын Интеллектуалдык менчигинин Респондент тарабынан бузулушуна же Респондент тарабынан интеллектуалдык менчикти камтыган материалдарга байланыштуу ар кандай дооматтарды койгон учурда Респондент өз алдынча жоопкерчилик тартат. Администратор, Өнөктөш же алардын кардарлары жоопкерчиликке тартылган учурда, алар ошол дооматтардын алкагында келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн Респондентке регресстик талаптарды коюуга укуктуу.

6. ЖООПКЕРЧИЛИКТЕН БОШОТУУ

6.1. Администратор Респонденттин алдында Сайтты жана (же) Сайттын Кызматтарын колдонуудан келип чыккан чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
6.2. Респондент төмөнкүлөрдү түшүнүп, макул болот:
6.2.1. Респондент Сайтты өзүнө келе турган тобокелдик жана коркунучтарды эске алуу менен колдонот. Сайттын кызматтары “кандай болсо, ошондой” көрсөтүлөт;
6.2.2. Администратор төмөнкүлөргө кепилдик бербейт: Сайттын кызматтары жана Сайт Респонденттин талаптарына жооп берүүсүнө кепилдик бербейт; Сайттын кызматтары үзгүлтүксүз, бат, ишенимдүү жана катасыз камсыз кылынат; Сайттын кызматтарын колдонуу менен алынышы мүмкүн болгон натыйжалар так жана ишенимдүү болот; Сайттын кызматтарын колдонуу менен алынган ар кандай буюмдун, кызматтын, маалыматтын жана башкалардын сапаты Респонденттин күткөнүндөй болот; программалардагы бардык каталар оңдолот;
6.2.3. Респондент Сайттын кызматтары аркылуу алган бардык материалдарды өзүнө келе турган тобокелдик жана коркунучтарды эске алуу менен колдонот. Респондент бул материалдарды жүктөөнүн натыйжасында жабдыктарга (компьютерге, ноутбукка же башка жабдыктарга) жана Респонденттердин маалыматтарына келтирилген зыян үчүн жооп берет.
6.3 Эгерде Сурамжылоону Администратордун кардары өткөрсө жана Респондент аталган Сурамжылоо ага зыян келтириши мүмкүн деп эсептесе же Респондент үчүн Сурамжылоо кандайдыр бир себептерден улам туура келбей турган болсо, Респондент мындай Сурамжылоодон баш тартууга тийиш. Сурамжылоого катышуу менен Респондент мындай Сурамжылоого байланыштуу бардык коркунучтарга жана тобокелдиктерге өзү жооп берет.

7. КОЛДОНУУЧУНУН КЕЛИШИМИН ӨЗГӨРТҮҮ

7.1. Администратор Респонденттин макулдугусуз бул Колдонуучу келишиминин шарттарын жана анын бардык маанилүү бөлүмдөрүн бир тараптуу түрдө өзгөртүүгө укуктуу, бул тууралуу Респондентке Колдонуучу келишиминин жаңы версиясын же анын кандайдыр бир өзгөртүүгө дуушар болгон маанилүү бөлүмдөрүн Веб-сайтта жайгаштыруу аркылуу билдире алат. Колдонуучу келишиминин жана (же) анын маанилүү бөлүмдөрүнүн жаңы редакциясы Сайтта жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
7.2. Бул Колдонуучунун келишими Респонденттин Сайттын кызматтарына кирүүсүнө бөгөт койгон күндөн тартып токтотулду деп эсептелет.

8. КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

8.1. Ушул Колдонуучу келишиминен келип чыккан же Колдонуучу Келишимине байланыштуу ар кандай талаш-тартыштарды же дооматтарды Тараптар даттануу тартибинде чечүүгө аракет кылышат. Макулдашууга жетише алышпаса, талаш-тартыш Администратор жайгашкан жердеги сотто каралат.
8.2. Бул Колдонуучу келишими акысыз, ошондуктан керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу ченемдер (нормалар) бул Колдонуучу келишими үчүн жарабайт.